Жумгал районунда согушка катышып келген эки гана ардагер калды. Экөө тең быйыл 96 жашта. Бири Таш-Дөбө, экинчиси Доскулу айылында жашайт. Биз Таш-Дөбө айылында жашап жаткан Мусаев Абайылда ата менен жолугуп, баарлаштык. Ал каардуу согуш учурунда башынан өткөргөн окуяларын тизмектеп, Харьков шаарында салгылашып, оор жарадар болгонун төмөндөгүдөй баяндады:

Бул айылдан жалпысынан Улуу Ата-Мекендик согушка 180ден ашуун адам аттанган. Анын 129у согушта мекен үчүн каза болушса, 51и аман-эсен кайтып келген. Таш-Дөбө айылынын Чынтемиров Бердибек согуш ардагерлерине арнап, эстелик тургузду. Ошондой эле Бердибек мырза, бүгүн Мусаев Абайылда атага «Мерседес -Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды

Ардагер Мусаев Абайылда ата азыркы саясаттан учкай сүйлөп, Жапаров, Путинден да сөз козгоп, ардагерлерге өкмөт жакшы көңүл бурбай жатканын билдирди. Кадырман аксакал сөз арасында жалпы кыргыз элине эң сонун бата берди:

Таш-Дөбө айылындагы эстелик:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here