Жогорку соттун басма сөз катчысы Изати Шүгүралиева мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун адвокаты прокурорлордун кортундусуна ылайык жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти апелляциялык кароого жөнөтүү тууралуу 20-апрелде арыз жазганын билдирди. Мындан улам Жогорку сот Сабировго карата чыгарылган буга чейинки сот өкүмдөрүн жокко чыгарды.

Равшан Сабиров 2011-жылдын аягында социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган. Жарым жылдан кийин, 2012-жылдын июль айында «пара талап кылган» деген айып менен камалган.

Бишкек шаардык соту 2013-жылы мартта экс-министрди күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыраткан. Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Сабиров 2014-жылы амнистия менен абактан чыккан. Былтыр октябрь окуяларынан кийин Сабиров вице-премьер-министр болуп дайындалып, 2021-жылдын февраль айына чейин иштеген. Андан кийин президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here