Жалпыга маалым болгондой 5-октябрдагы окуялардан кийин элге активист катары таанылган Айбек Бусурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып, март айынын башына чейин иштеди. Анын ордуна Бактыбек Нарбеков деген президенттик аппаратта иштеген жигит келген. Нарбековго Токонов Керим Хауменович деген улуту казак тектүү адам 1, 5 айдан бери коомдук башталыштагы кеңешчи болуп, абдан  “күжүлдөп” иштеп жатыптыр. Күжүлдөгөнүн ушундан билиңиз, бул адам бүтүндөй Таласты өзү билип, өзү башкарып, көп маселени чечип жатат дешет, аны жакындан жакшы билгендер. Көрсө,  көпчүлүктү көзүнө илбей, аска тоо уруп келатса дагы тоготпогондой түр көрсөткөн Токонов Керим президент Садыр Жапаровдун кудасы турбайбы. Тагырагы президенттин эжеси менен куда экен. Мурда-кийин деле жооптуу кызматтарда иштеп, тажрыйба топтогон эмес. Мектепте физкультурадан сабак берип, кийин жеке фирмада иштеген.  Президенттик шайлоодо Таласта штабды башкарыптыр.

Губернаторго кеңешчи болгондон бери Таласта эмне иш-чара болсо, анын баарына катышып,  мекемелердин ачылышында лента кесип, облустагы №1-адам жерге батпай жүрөт дешет.  Анысы береги сүрөттөрдөн деле байкалат. Анан калса: “Областагы чоң кызматтарды, кадрларды алмаштыруу маселесин биз эле чечебиз” – деген кыязда кеп салып,  мактанып коет экен.  Буга чейин да Таласта  бир, эки аким жана орун басарлары кеткени маалым. Дагы жооптуу кызматтагыларды алмаштырып, өз кишилерин алып келүү ишин колго алуу менен алек болуу аракети  азчылык эмес, көпчүлүккө угулуп баштаптыр.  Арийне, кошоматты, бир адамдын өзүм билемдигине чыдабай, аны бат эле ордуна койгонду жакшы көргөн таластыктар бул адамдын “косяктарын” санап, ыңгайын күтүп “шиши толо түшсүн” деп жатышат дейт.

    Баса, кечээ Өтмөктө сел жүрүп, 1  чакырымдай жолду жараксыз кылды. Бул селди облус жетекчилиги алдына алса болот эле. Бирок алдына алмак турсун, сел алган жолдун талкаланышына шарт түзүп коюшуптур. Себеби, Өтмөктөгү жолду карап,  убагында талапка ылайык тазалап турган техникалардын баарын Нылды деген жерге алып кетип калышыптыр. Облус жетекчилиги Пулаттын жакшы иштеп жаткан Нуркан деген жетекчисин кызматтан алып, ордуна башка адамды койгон. Губернатордун кеңешчиси иш билги болсо мындай иштерди өз учурунда түздөп турат эле го. Эми ал жолду оңдоого канча каражат кетет? Дагы маалымат катары айта кетели, губеранатордун коомдук башталыштагы кеңешчиси Токоновду айлык албай бекер иштейт дей көрбөгүлө, ага жакшы айлыкты Таластагы кен казган компаниялар төлөп берет.

Президентке таянып, таластыктардын жинине тийип жаткан Токоновду Садыр Жапаров тизгинин тартып  коер. Анткени, ажобуз соцсеттен, ар кайсы сайттардан маалыматтарды өзү окуп, өзү жазып турат эмеспи. Бул боюнча жыйынтык чыкпаса, президенттин өзүнө деле аброй алып келбейт. Анда “физрук” чиновниктин эсебин Таластын эли өздөрү табышаар… Эмнеси болсо да байкай туралы…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here