Өкмөт башчы Улукбек Марипов Саламаттыкыты сактоо жана социалдык өнүктүрүү боюнча министрлигинин сунушу менен Эне жана баланынын ден -соолугун коргоо улуттук борборунун директору Узакбаев Камчыбекти кызматтан алуу боюнча буйрукту 30-апрелде чыгарган.

Маалым болгондой буга чейин Бактияр Шакировдун өлүмү боюнча аталган борбордо атайы комиссия иликтөө жүргүзгөн эле. Ал эми министр Алымкадыр Бейшеналиевди Жогорку Кеңештин депутаттары кызматтан алуу сунушун кабыл алышкан. Ал эми Узакбаевдин өкмөт башчы Узакбаевдин ордуна анын илимий иштер боюнча орун басары Гүлзат Маймерованын дайындаган буйрукка кол койгон.

Ал ортодо Узакбаевдин кызматтан алынышы жалпы улуттук борбордун жамаатын нараазычылыгын жаратты. Ушундан улам алар Президент Садыр Жапаровго төмөнкүдөй ачык кат жазышып, кайрылуу жолдошкону маалым болду:

Кыргыз Республикасынын Президенти

                                                              Жапаров Садыр Нуркожоевичке

                                                              Эне жана баланын ден-соолугун

                                                               коргоо  борборунун жалпы  жамаатынын                                                                   

                                           Ачык кат аркылуу кайрылуусу

Урматтуу Садыр Нуркожоевич!

Эң алды менен күтүүсүз жерден каза болгон Бактияр Шакировдун ата-энесине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Арты кайрылуу, топурагы тороко болсун. Мындай кырсык эч бир жерде, эч качан болбошун тилейбиз

Урматтуу, Садыр Нуркожоевич! Cизге Шакировдун өлүмүнө байланыштуу окуя боюнча учкай маалымдап, чындыкты жеткирүү үчүн ушул кайрылууну жолдоп жатабыз.

 Деги эле, медицналык мекеменин иши аяктагандан кийин адамдар жөнөкөй ийне сайдыра алышпайт. “Тез жардам” кызматы чакырган адамдарга ийне саюу үчүн барбайт. Ушул себептен, ким эле болбосун, ооруп кала турган болсо өзү жашаган жакын  жердеги ооруканага барышат.  Биздин борбор  Жал кичи районуна жакын болгондуктан, көп жылдар бою кайрылгандарга, чоң адамдарга дагы жардам берип келебиз. Бул ирет Бактияр Шакиров биздин борбордо иштеген өзүнө тааныш медайымга өзүнүн доктуру жазып берген ийнени  сайдырып алыш үчүн иш убактысы бүткөндө келген. Бул кырсыктын айынан министрдин  сунушу аркылуу  премьер-министрдин буйругу менен иштен алганы   балдарга жардам берүүгө, ден -соолуктарын чыңдоо иштерине дагы чоң  кесепетин тийгизет деп эсептейбиз. Биз жалпы жамаат мындай чечимди туура эмес деп кабыл алып, өзүбүздүн билдирүүбүздү ачык кат аркылуу   кайрылууну чечтик.

    Жетекчибиз  Узакбаев Камчыбек Аскарбекович бул борборду түпкү пайдубалынан тарта куруп, көп эмгек сарптап ушул деңгээлге жеткиргени  жалпы элге маалым. Ал узак жылдардан бери эл үчүн, элдин, айрыкча келечек ээлери болгон жаш балдарыдын, энелердин ден-соолугуна кам көрүп келаткан бирден-бир  белгилүү дарыгер жана жетекчи экенин баса белгилейбиз. Бул оорукана Кыргызстандагы эң жакшы ооруканасы экени талаш маселе эмес.

Жетекчибиздин аракети менен биз өнүгүп келебиз. Борбордук Азияда биринчи жолу 26 жыл мурун Ядерно-маг.томографияны дагы биздин жетекчибиз алып келген. Ал кымбат баалуу меджабдык азыркы учурга чейин иштеп келип, миңдеген адамдардын ден соолугун сактап калганга жардам берди. Өткөн жылы 700 млн. сомго эл аралык донорлордон инвестиция тартып, балдардын 3-корпусу курулду. Дагы бир  корпустун курулушун инвесторлор менен сүйлөшүп жатат. Ал дагы 500 млн. сомду түзөт.

  Биздин борбордо гана Кыргызстан боюнча бөйрөк алмаштыруу операциясы жазалып келет. Бүгүнкү күндү 38 адамга  бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Анын ичинде 37си чоң кишилер.

 Көптөгөн медициналык жардамдар чоң кишилерге дагы жалгыз эле биздин борбордо көргөзүлүп келгени жалпы элге белгилүү. Мисалы: нефробиопсия, гемодиализдик жардам, кээ бир гастроскопиянын  түрлөрү ж.б процедуралар. Бирок бүгүнкү күндө бул жардамдар токтоп, эл бизден талап кылып жатат.

Урматтуу, Президент, Садыр Нуркожоевич! Министр А. Бейшеналиев биринчи кезекте  балдарга-энелерге жардам берсин. Иштеп жаткан коллективге  бут тоспошун каалайт элек.

 Жогоруда биз Камчыбек Аскарбековичтин эмгегинен эки ооз гана айттык. Баарын санап айтсак, абдан арбын. Чынында биздин жетекчибиз Кыргызстандагы абдан тажрыйбалуу №1 медициналык жетекчи десек жаңылбайбыз. Эл дагы жакшы билет жана жогору баалайт.  

 Урматтуу, Садыр Нуркожоевич! Медицина кызматкерлеринин айлык — маянасын көтөрүп, кам көрөм деген оюңузга чоң ыраазычылык билдиребиз.  Биздин жамаат Камчыбек Аскарбековичти кызматтан четтетүүгө каршы жана ар дайым колдойт! Бизди нараазы кылган  сиз калыс карап, туура чечип бересиз деген үмүттөбүз. Биз өзүбуздүн ишибизди так, тынч аткарууга  кам көрүшүңуздү суранабыз.

   Сизди  урматтоо менен  Эне жана баланын ден соолугун коргоо улуттук борборунун  1250 адамдан турган эмгек жамааты

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here