Баткенде Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысын тажик тарап барымтага алды. Бул тууралуу 30-апрелде эртең мененки саат 11де Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, “Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылын тажик аскерлерине тийиштүү техника аралап жүрөт. Интернационал айылынын “Жилой дом” участогундагы кыргыз жарандарынын үйлөрүнө тажик аскер кызматкерлери кирип алган. Интернационал айылынын башчысы ошол жерге жакын аймакта эки кыргыз жараны каза болгону тууралуу маалыматты тактоо үчүн барганда тажик жарандары аны барымтага алып алышкан”.

Бул факт Лейлек райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргызстандын Жазык кодексинин 380-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here