Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжал учурунда каза болгон аскердин сөөгү Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу агасы Амантур Кубанычбеков билдирген. Анын айтымында, иниси Эсентур Кубанычбековду Баткенге Нарындан 13-апрелде жөнөтүшкөн. 30 жаштагы аскер Нарындын Ак-Муз айылында туулган.

Командирлик кызматты аркалап жаткан жоокер 30-апрелге караган түнү каза болгону айтылды. Ал үч бир туугандын ортончусу болчу. Ал окуу жайда Россияда бүтүп келгени маалым болду

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланды. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here