Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан айылдардан эвакуация болгон жай тургундардын саны 20 миңден ашты. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик бүгүн билдирген. Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13,5 миң адам коопсуз жайга чыгарылды. Баткен районунан 7 миң адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Кооптуу абал түзүлгөн айылдардан эвакуацияланган кары-картаңдар, аялдар жана балдар үчүн Баткен шаарындагы алты мектепте убактылуу жай ачылып иштеп жатат.

Мындан тышкары, тургундар жакындарынын жана туугандарынын үйлөрүнө кетип жатышат. Аларды кээ бир жеке мейманканалар да кабыл алууда.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.

Облустук милиция ок атышуу токтогонун айтты, бейрасмий маалыматка караганда, айрым жерлерде ок атылып жатканы угулууда. Баткен жана Лейлек райондорунда кеминде 11 айыл, 5 тозот жабыркады, бир айыл жана май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here