«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева дүйнөдөн өттү.Суук кабарды оор кайгыруу менен кабыл алдык.Тилла Текебаева жакында 90го чыкмак. Апа көптөн бери ооруп жаткан. Тилла апанын арты кайырлуу, ыйманы саламат болсун! Жараткан Бейишинен орун берип, калган өмүр-жашын балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө берсин!Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-апрель Акман айылында өтөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here