Бүткүл Дүйнөлүк жер күнүнө карата

Мына ушундай демилгени Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары көтөрүшүүдө. Чындап эле, жер планетасы учурда кандай абалда?  Илим менен техника өнүгүп, адам баласынын жашоосу канчалык жакшырган сайын табигый өсүмдүктөр жоголуп, жер кыртышы бузулуп, аба, суу булганууда. Мөңгүлөр эрип, деңиздер соолуп жатат. Жер Эне ыйлап турат.

 Ал эми, Кыргызстанда да абал көңүл жубатарлык эмес. өлкөбүздөгү бай биологиялык көп түрдүүлүк ресурстарынын азайышы калктын социалдык-экономикалык жашоо шарттарынын начарлашынан улам да келип чыгууда. Мал көбөйгөндүктөн жана алыскы жайыттарды колдонуу уюшулбагандыгынан чөп азайып, жылдан жылга анын баасы асман чапчып жатат. Сууларды кой, көлдө балык азайып, биз бала кезде көрүп жүргөн канаттуулар көрүнбөй калды.

Мына ушу маселелерди чечүүгө салым кошуу максатында саруулуктар “Жууку дарыясынын жандуу жайылмасы кичи коругу” долбоордун негизинде бир гектардан ашык жерди курчап, микрокорук уюшулган экен. Долбоорду иштетип жаткандар алар жасаган корук Жер планетасын сактап калуучу аралча экенин айтышат.

Көрсө, биокөптүрдүүлүктүн очоктору белгилүү гана территорияларда болот экен. Ошол территориянын көбү Кыргызстанда жайгашканын окумуштуулар белгилешүүдө. Демек, Кыргызстан — Жер планетасына таасир берүүчү өлкө. Эгерде ушул очокторду сактап калсак, бүткүл жер шарынын экобалансы сакталат.

Бул жолу аталган микрокорукта көл жээгиндеги токой экосистемасынын биологиялык көп түрдүүлүгүн калыбына келтирүү максатында тажырыйбалык иш жасалды. Ага аталган айылдын жергиликтүү кеңешинин депутаттары, тургундар, окуучулар катышты.

Аталган долбоордун эксперти, эколог Илья Домашов биокөптүрдүүлүктү кантип сактап калса болорун элеттиктерге түшүндүрүп берди. Окуучулар жапайы өрүктүн данектерин, тобурчактарды чогултушуп, жерге көмүштү жана курт-кумурскалар үчүн көп кабаттуу үй курушту. Белгилүү болгондой, айбанаттар өздөрүнө ыңгайлуу ийиндерди табуу оор экен. Ошондой эле, курт-кумурскалар да оңой менен ыңгайлуу жай таба алышпайт.

Саруу айылдык кеңештин депутаты Клара Шекенбаева бул корук айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңеши менен биргеликте уюшулуп жатканын айтат. Анын билдирүүсүндө, айыл өкмөт аталган корукка өздүк салым үчүн 150 миң сом бөлгөн. Ал каражатка коруктун айланасы курчалып, долбоор аркылуу уруктар берилет жана түшүндүрүү, маалымат берүү иш-чаралары уюшулат. Корук бир нече жылдардан соң улам башка орунга которулуп турат.

Бул долбоорду аял депутаттар демилгелеп, «Лидер» бейөкмөт уюму менен биргеликте жазышкан. Аял депутаттар атайы коомдук угуу уюштуруп, жергиликтүү элдин да, башка депутаттардын да колдоосун табышкан, жыйынтыгында, ушундай корук пайда болгон. 

Клара айым ушул айылда төрөлүп өскөндүктөн, бала кезин эскергенде, бул жерлердеги бадалдардын түбүнөн коендорду көп көргөнүн, бак-дарактарда чымчыктар, талаада гүлдөр өтө көп боло турганын эскерди. Ал убакыт өткөн сайын “жапайы” жаратылыш талкаланып жатканына кейиди.

Аталган долбоор боюнча активдүү иштеп жаткан жергиликтүү кеңештин дагы бир депутаты Самара Акматова балдарды тарбиялоонун 9 багытынын бири экологиялык тарбиялоо багыты экенин айтып, анын алкагында көп иштер жасала түрганын билдирди. Анын айтусунда, келечекте бул корукта биолог мугалимдер практикалык сабактарды өтүп, мектептеги окуучулардын экоклубу ар түрдүү акцияларды уюштурмакчы.

Жапар Чабалдаев атындагы Саруу орто мектебинин 9-классынын окуучусу Акимжанова Назик мектепте парламенттин мүчөсү катары экология негизги маселе катары караларын билдирди. Ал аталган корукта иш жүргүзүү окуучулар үчүн өтө кызык болгонун кошумчалады.

Ал эми, Илья Домашов бул микрокорук мында жаштардын тайпасы иштеп жатканы үчүн уникалдуу экенин айтат. «Биз мектеп менен биргеликте корукта иш алып баруу боюнча атайы программа түзүп, мында жылы бою иш жүргүзөбүз. Экинчиден, бул жер жаштардын илимий эксперменттерди жасоо жайы болот. Алар бул чөлкөмдү коруп, кам көрүп эле тим болбой, илимий көз карашта иликтөөлөрдү жүргүзүп, тыянак чыгарышат, сунуш беришет.

Кыргызстанда тажырыйба жүргүзүү жөнүндө мыйзамдын акыркы редакциясында экологдордун жардамы менен микрокоруктар жөнүндө пункттарды киргизгенбиз. Демек, азыр юридикалык жактан микрокорук деген түшүнүк бар. Бирок, бизде ушундай жер тилкелери аз болгон үчүн анын универсалдуу моделин ар бир айыл өкмөткө сунуштай албайбыз. Азырынча механизмдер, сунуштамалар жок. Биз ошол иштерди ушул корукта баштайбыз. Биз бул ишти айылдын тургундары ушул маселеге кызыккан үчүн дал ушул жерде баштадык. Экинчиден, бул жерде экосистеманы сактап калууга жөндөмдүү атайы жерлер бар. Бул тилкелерди иликтегенде, анда жапайы өрүктөр бар экени бизди кубандырды. Алар бир нече түрдө болгону алардын табигый экенинен кабар берет. Биз муну сактап калышыбыз кажет. Бул чындыгында өтө маанилүү. Мөмө жемиш бактарынын азыркы сортторунун баштапкы түрлөрүн сактоо, көбөйтүү зарыл. Ушундай эле көйгөй жаңгакта, алмада, алмурут, жүзүмдө бар. Булар жер шаарындагы экотеңсалмактуулукту сактап туруучу уникалдуу түрлөр. Кыргызстанда жоголуп бараткан сорттордун жүздөй түрү бар»,-деп билдирди.

Анын айтуусунда, микрокоруктун максаты ага жанаша жайгашкан жерлердеги айыл чарба аймактарында пайдалуу фаунаны калыбына келтирүү жана анын көп түрдүүлүгүн сактоо, мөмө дарактарынын уникалдуу жапайы түрлөрүн, кадимки абрикос — Prunus armeniaca багын сактап калуу үчүн Ысык-Көлдүн жээгиндеги уникалдуу токой экосистемасын сактап калуу.

Жапайы чаңдаткычтар, энтомофагдар, уруктардын таралышына катышкан түрлөр, жырткыч канаттуулар, курт-кумурскалар омурткалуулар ж.б. кошулуп, жаныбарлардын пайдалуу түрлөрүнүн жашаган жерлерин сактап калуу, жапайы мөмө дарактардын, абрикос жана алма бактарынын андан ары шалбаа жана жанаша аймактарга өсүүсүн камсыздоо, ошондой эле, жергиликтүү калкты шалбаа экосистемасын жана биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого, калыбына келтирүүгө катыштыруу.

Саруу айлынын тургуну Усенбаев Асылбек бул жерге эксперттин оюн угуп, маалымат алуу үчүн келген экен. “Чын эле, Кыргызстанда табият талкаланып жатпайбы. Менин да жемиш бактарым бар. Ал эми, жапай өрүктөргө чындап эле эч ким кам көрбөйт. Ал тургай отунга пайдаланылып кетет. Бул силер көрүп турган жерде каратал, өрүктөрдүн бир тобу кыйылып кетти. Дөңгөчтөрү калды. Алардын жалпы жаратылыштын жашоосу үчүн маанисин угуп, таң калдым. Андыктан, бул долбоорго ыраазымын”,-деп билдирди.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here