Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн төртүнчү жолу Азия чемпиону аталды. Мелдеш ушу тапта Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат.

Азия чемпиондугунда Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, финалда монголиялык Болортуей Хурелхууну 11:0 эсебинде жеңип, алтын медаль алды.

Финалга чейин Тыныбекова төрт беттеш өткөрүп, Индиядан, Казакстандан, Түштүк Кореядан жана Өзбекстандын чыккан атаандаштарын уткан.

15-апрелде Тыныбекова Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмуна маек куруп, жеңилүү ызасы аны жеңишке жеткиргенин белгилеген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here