Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен алты киши каза болгонун Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдады. Алардын үчөө Бишкекте, экөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көл облусундагы ооруканаларда жаткан.

2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1528ге жетти. 12-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 145 кишиден табылды. Пандемияда аны жугузуп алгандар 90 372, айыккандар 86 028 кишини түздү. Бир күн аралыгында 103 бейтап айыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here