Эмомали Рахмондун келишин утурлай жергиликтүү бийлик өзгөчө даярдангандай. Маалымат каражаттары кабарлагандай, президент Ворухтагы жаңы стадион менен маданий борбордун имаратын ачып, айыл чарба азыктарынын жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүнө катышты.

Түштөн кийин Рахмон жергиликтүү тургундардын алдында сөз сүйлөп, анклавдын тагдырына байланыштуу соңку кезде кызыгуу жараткан суроого жооп берди. Тажик президенти Ворух алмаштырылбай турганын айтты:

“Акыркы 19 жыл аралыгында Ворухту алмашуу тууралуу сөз болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Мен муну акыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кандай сөздөр жүрүп жаткан себептен айтып жатам. Чек ара маселелерин чечүү убакытты талап кылат жана анда эмоцияга алдырбаш керек”.

Рахмон кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталганын эске салып, андан бери 100 жолу жолугушуу, сүйлөшүү өткөнүн белгиледи. Анын натыйжасында тараптар чек ара тилкелеринин 50% жакыны боюнча мунасага келишкен.

Тажик лидери чек араны тактоо тууралуу Душанбе 2016-жылы ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, бирок кыргыз тарап белгисиз себептен улам бул ишти жүргүзбөгөнүн кошумчалады.

Ташиев Кыргызстандын коңшулары менен чек араны тактоо комиссиясын жетектеп жатат. Ал өткөн айда Бишкектеги басма сөз жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы «баш ооруга» айланган Ворух анклавы боюнча Дущанбеге эки сунуш бергенин ачыкка чыгарган:

«Тажикстан менен негизги чек ара маселеси – бул Ворух анклавы. Бул аймактын аянтын мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Анклавдын аянты мындан ары чоңойбойт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана жол беребиз. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтө тургандай болот. Экинчи сунушубуз — аймак 12 миң гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашууга даярбыз. Ворух анклавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздемени Тажикстан тарапка берип койдук».

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here