ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милиция кызматкерлеринин жана алардын жетекчилеринин иш-аракетине баа берилди. Ага ылайык 9-апрелде ИИМдин буйругу жарык көрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгынын натыйжасында, «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамды, өкмөтүнүн укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптарын, Кыргыз Республикасынын ИИОнун 2020-жылдын 12 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердигинин жыйынтыгы менен өткөрүлгөн коллегиянын жана Аппараттык, ыкчам кеңешмелердин жыйынтыгы менен коюлган тапшырмалардын талаптары жана ИИМдин бир катар буйруктарынын талаптары одоно түрдө бузулгандыгы айтылат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде бир катар кызматкерлер жана бөлүм башчылар кызматтан бошотулганга чейин тартиптик жазага тартылышты.

Ички иштер министрлигинин буйругу менен төмөнкүлөр ээлеген кызматынан бошотулгандар:

  • Бишкек ШИИББдин начальниги милициянын полковниги Б. Матмусаев,
  • Бишкек ШИИББдин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги Э. Атантаев,
  • Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматынын начальниги милициянын полковниги Н.Утемисов,
  • Биринчи май РИИБдин начальниги милициянын полковниги А.Казакеев,
  • Биринчи май РИИБдин начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары милициянын полковниги И. Базаркулов,
  • Биринчи май РИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги К. Суранчиев,
  • Биринчи май РИИБдин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги А. Озубеков,
  • Биринчи май РИИБдин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын улук лейтенанты Б.Абдиллаев,
  • Биринчи май РИИБдин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын майору Ж.Тукешов
  • Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны У.Арыкбаев

Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү алгандар:

  • Бишкек ШИИББдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги М. Насиров,
  • Бишкек ШИИББдин КККнын начальнигинин орун басары, ыкчам чара көрүү борборунун начальниги милициянын полковниги М.Буларкиев,
  • Бишкек ШИИББдин КМКнын начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги У.Орозалиев,
  • ЖКККББнын Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын полкунун командиринин орун басары милициянын капитаны У.Саргашкаев,
  • Бишкек ШИИББдин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору С.Байгазинов,
  • Бишкек ШИИББдин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын капитаны М.Насирдинов,
  • Бишкек ШИИББдин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын подполковниги М.Карабаев,
  • Бишкек ШИИББдин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору М.Турумтаев,
  • Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматынын начальниги милициянын капитаны Н.Тургуналиев,
  • Биринчи май РИИБдин КМКнын начальниги милициянын подполковниги Э.Укубаев,
  • Биринчи май РИИБдин КККнын начальнигинин орун басары, нөөмөт бөлүгүнүн начальниги милициянын подполковниги Э.Тыналиев,
  • Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматынын начальнигинин орун басары милициянын майору Т.Абдукагарова,
  • Биринчи май РИИБдин №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Н.Емилов,
  • Биринчи май РИИБдин КМКнын улук ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын майору М.Бейшеналиев,
  • Биринчи май РИИБдин №5 ШМБнын КМКнын улук ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын капитаны Б.Торгоев,
  • Биринчи май РИИБдин КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын капитаны Т. Саткинбаев,
  • Биринчи ай РИИБдин КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Ч.Толомушов,
  • Биринчи май РИИБдин №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Таалайбек уулу Искендер,
  • Биринчи май РИИБдин ТКнын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Сагынбек уулу Нурсултан,
  • Биринчи май РИИБдин ТКнын тергөөчүсү милициянын капитаны А.Каримов,
  • Биринчи май РИИБдин №5 ШМБнын начальниги милициянын майору З. Эргешов,
  • Биринчи май РИИБдин КМК ага ыкчам кызматкери, милициянын майору М.Тороев,
  • Биринчи май РИИБдин ЖЖБнүн начальниги милициянын капитаны Эдилбек уулу Бактияр,
  • Биринчи май РИИБдин ЖӨИнын начальниги милициянын капитаны М.Адилов

«Катуу сөгүш» алгандар:

  • Бишкек ШИИББдин КМКнын начальниги милициянын полковниги У.Айтбаев,
  • Бишкек ШИИББдин СКБнын начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги А. Исмаилов,
  • Бишкек ШИИББдин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору К.Малабаев,
  • Биринчи май РИИБдин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын подполковниги А.Тентиев

Чүй областы боюнча:
Кызматынан бошотулгандар:

  • Чүй ОИИББдин КККнын Нөөмөт Бөлүмүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын капитаны Ч.Абыкеев,
  • Чүй ОИИББдин КККнын нөөмөт бөлүмүнүн инспектор-нөөмөтчүсү милициянын подполковниги М.Уметалиев

Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү алгандар:

  • Чүй ОИИББдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча начальниктин орун басары милициянын полковниги А. Савыралиев,
  • Чүй ОИИББдин КККнын начальнигинин орун басары, ал эле нөөмөт бөлүмдүн начальниги милициянын полковниги Т.Анарбаев,
  • Чүй ОИИББдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бөлүмчөсүнүн начальниги милициянын майору М. Султаналиев

«Катуу сөгүш» алгандар:

  • Чүй ОИИББдин начальнигинин орун басары милициянын полковниги А.Ажыбаев

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жалпы жонунан 44 кызматкер тартип жазасына тартылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here