Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушунда өспүрүм бала көз жумду. Ал өзүнө-өзү жаракат келтирген.

Бүгүн, 9-апрелде Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, 6-апрелде саат 13:45 чамасында турак үйдөн жаш баланын денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайы такталды.

2007-жылы туулган С.С. электр «болгарка» менен моюн тарабына жаракат келтирген. Оор жаракаттан көп узабай көз жумган. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 136-беренеси (өз өмүрүн кыюуга жеткирүү) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here