Алматы шаарындагы грек-рим күрөшү боюнча турнирде кыргызстандык балбан Акжол Махмудов дагы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Ал 77 кг чейинки салмактагылар арасында беттешке чыккан. Жолдомо алуу үчүн спортчулар финалга жетиши керек болчу.Акжол Махмудов беттешин 1/4 финалда баштап, Палестинанын өкүлү Рабие Халилди 11:0 эсебинде жеңген.Жарым финалда Индиянын спортчусу Сингх Гурприт менен күч сынашып, 8:2 эсебинде утту. Бул жыйынтык финалга чыгууга жана Олимпиаданын жолдомосун алууга шарт түздү. Ал эми финалда Япониянын өкүлү Шохей Ябику менен беттешет. Жоламан Шаршенбеков  дагы Япониянын Токио шаарында өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Шаршенбеков 60 кг чейинкилер арасындагы беттешин 1/4 финалдан баштап, кореялык Ханжае Чунгду 6:2 эсебинде утту. Жарым финалда Индиянын спортчусу Ганендер менен кездешип, аны да 6:1 эсебинде жеңген. Муну менен финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо алууга жетишти. Дагы бир балбан Узур Жусупбеков дагы жолдомо утту. Ал индия жана Корея балбандарын уткан.

Буга чейин жолдомо алган спортчулар:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here