Бишкектен кыз ала качууга катыштыгы бар деген шектүүнүн бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады. Милиция бул ишке тиешеси бар делген дагы эки адамды издеп жатат. Колго түшүрүлгөн 29 жаштагы шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

кармалган жигит

5-апрелден бери дайынсыз болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылды. Бишкек милициясы кабарлагандай, аны уурдоого шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон. Милициянын кошумча маалыматы боюнча, маркум кыз менен бала тааныш болгон. Экөө 4 айдан бери жолугушуп жүргөн. Бала кызга үйлөнөм деген сөздөрдү досторуна айтып келген. Кыз уурдоого туш болгондон кийин, апасы ага телефон чалып сүйлөшкөнү, кыз апасы үйүнө барып кала турганын айтканы, андан көп өтпөй телефону өчүк болуп калганы айтылууда. Ал эми кызды салып кеткен машиене ижарага алынганы маалым болду

Ал эми маркум кыздын таанышы Гүлкайыр Абдиманнап кызы буларды жазды:

«Бүгүнкү үрөй учурган окуяга байланыштуу… Айзада менен жакшы таанышмын. Аябай жаркылдаган кыз. Биздин кошуна болот. 1994-жылы төрөлгөн. Жашы 26 да🥺🥺🥺😭😭😭. Кичинекейибизде чогу ойноп эле жүрчү элек. Айзада Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан болот. 🥺🥺🥺Өтө жакшы кыз эле. Эч жамандыгы жок, түз жүргөн кыз. Кичинекейимен эле жакшы тааныйм.Алтыным Айзадам Аллахым Бейишине алсын 🤲🤲🤲. Сенин бирөөгө кымындай да жамандыгың жок эле 😭😭😭 (сүрөттөгү Айзада апасы менен)Жакындары сөөгүн жерге берип келип бул ишти аягына чыгарабыз дейт. Күнөөлөр жазасын алышат дешти. Аллахым күбө баарына 🤲🤲🤲«

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here