Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов 6-апрелде 55 жашында пневмониядан каза болду. Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиевдин билдиришинче, Туманов оор абалда 1-апрелде ооруканга түшкөн. Дарыгердин айтымында, бейтап ага чейин коронавируска кабылып, он күндөй үйүндө дарыланган. Маркум бүгүн Ала-Арчага жерге берилди. Үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, сабыр тилейбиз. Ыйманы саламат, жаны жанатта болсун!

Туманов 2010-жылы Социал-демократтар партиясынан тизмеси менен парламентке келген,, Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетин жетектеген. Андан кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу «Мүлк» мамлекеттик ишканасын жетектеген, андан кийин Мамлекеттик Мүлк ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп турганда, бир нече ай мурун кызматтан алынган. Маркум Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here