Советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети 6-апрелде жыйынга чогулуп, талкуу болду. Өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министр Улукбек Марипов төрагалык кылган жыйында Абдрахмановдун элесин түбөлүк калтырууга багытталган иш-чаралар талкууланын маалымдады.

Жусуп Абдрахмановдун өмүрү тууралуу көркөм тасма тартуу, эл аралык илимий жыйын өткөрүү, анын ысымын президентке караштуу Башкаруу академиясына берүү, ага «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын ыйгаруу тууралуу сөз болду. Мындан тышкары Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн аталган уюмга кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Абдрахманов өз элинин тарыхын изилдөөчү катары Кыргызстандын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын республиканын тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-жылы «Кыргызстан» деген ат менен жарык көргөн. 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө чындык жана акыйкат өңүтүнөн жазылган «Күндөлүгү» жана башка китептери белгилүү. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here