Өткөн суткада коронавирус 139 кишиден аныкталып, 107 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек — 123;
  • Чүй облусу – 9;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 3.

өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 89 153кө жетти. Анын ичинен 85 271 адам дартты жеңген.

Айыккандар:

  • Бишкек – 77;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 26;
  • Ысык-Көл облусу – 3.

Тилекке каршы, өткөн суткада Бишкекте бир бейтап коронавирустан каза тапкан. Аны кошкондо көз жумгандардын жалпы саны 1 507 болду.

Азыркы тапта өлкө боюнча коронавирус аныкталган 648 бейтап стационарларда дарыланууда. Андан сырткары, 774 бейтап медициналык жардамды үй шартында алып жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here