УКМК Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы болуп Салмоорбек Жумабеков дайындалды. Салмоорбек Жумабеков Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жетекчиси, дарыгер Сабырбек Жумабековдун уулу. Айрым маалыматтарга ылайык, ал Орусиядагы чалгын акамедиясын бүтүргөн. Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жетекчилик кызматында иштеген. Салмоорбек Жумабеков мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун өкүл баласы деген маалыматтар да бар.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Коррупцияга жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылып, №47 абакта жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here