«Азаттык» радиосунда көп жыл эмгектенип жүрүп эс алууга чыккан журналист Жаркын Суран кызы Темирбаева 3-апрелде 66 жашында узак оорудан улам көз жумду. Ал өткөн жылы октябрь айында жүрөгүнөн операция болгон.

Жаркын Суран кызы 1955-жылы Өзгөн районунун Тоо-Дыйкан айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинде журналистика адистигине окуган. Журналисттик эмгек жолун райондук “Өзгөн нуру” гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштап, редакторлукка чейин жеткен. Ал аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанылган.

Журналисттик ишин 1990-жылдардын жарымынан тарта “Азаттык” радиосунда улантып, адам укуктары, аялдар укугу багытында адистешкен журналист катары калыптаган.

Кийинчерээк «Зындан» аттуу эркин гезит чыгарып, анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктарына байланышкан маалыматтарды, талдоолорду, бейнелерди жана маектерди басып чыгарып турган. 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу эскерүүлөрдү жазган.

Жаркын Суран кызы Темирбаевага 2010-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» мамлекеттик наамы ыйгарылган. 2013-жылы «Азамат Алтай» эл аралык коомдук фондунун сыйлыгын алган. Мындан башка ондогон сыйлыктардын ээси.

Маркумдун сөөгү Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу Тоо-Дыйкан айылына коюлат. Тажиясы 4-апрелде саат 10:00дө башталат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here