Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземге катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө быйыл Кыргызстанда маанилүү окуя — өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгиленерине токтолду. Анын айтымында, отуз жылдык саясий тарыхыбыз ар кандай окуяларга бай болду. Бирок кыргыз эли башкы максаттан — мамлекеттүүлүктү чыңдоо мүдөөсүнөн тайбай, тынбай изденип келе жатат. Элдин көксөгөнү — стабилдүүлүк, тартип жана өнүгүү.

Президент ушул күндөрү өлкө дагы бир тарыхый окуянын алдында турганын — жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен чогуу жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум өтөрүн белгиледи. Садыр Жапаров жаңы Конституция эл-журт күткөн туруктуулукту, ырааттуу өнүгүүнү алып келет жана мамлекеттик органдардын ишинде бюрократиянын деңгээлин бир кыйла төмөндөтөт деген терең ишенимин айтты.

Мамлекет башчысы сыйланып жаткандардын арасында ар түрдүү тармактын — саламаттыкты сактоо, эл агартуу, илим-билим, айыл чарбасы, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн эмгектерин канааттануу менен белгиледи. Президент алардын эмгеги кандай гана заман, кандай гана бийлик болбосун, замандаштарга үлгү, келечек муун үчүн өрнөк болорун кошумчалады. Алардын арасында академиктер Дүйшө Кудаяров, Мамбет Мамакеев, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, жазуучулар Самсак Станалиев менен Советбек Байгазиев жана башкалар бар.

Садыр Жапаров коронавирус пандемиясына каршы турууда өз өмүрүн тобокелге салып, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн алпурушкан ак халатчандын каармандыгын баса белгиледи.

Мындан сырткары, ал маданият менен адабият чөйрөсүнүн таланттуу уул-кыздары кол куушуруп отурбай, улут үчүн кара жанын карч уруп, чаалыкпай эмгектенип келишкенине, рухий дөөлөттөрдү жаратууга салымын кошуп турушканына токтолду.

Президент иш-чаранын катышуучуларын мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, аларга чың ден соолук, ийгилик жана бакубатчылык каалады.

Мамлекеттик сыйлыктар 125 адамга тапшырылды. Алардын арасында дарыгерлер, мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери, ишкерлер жана башкалар бар. Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыкка 2020-жылдын август айында кол коюлган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here