19 жаштагы казакстандык Аяжан Эдилованын өлтүрүлүшүнүн жаңы деталдары белгилүү болду. 27 жаштагы шектүүнүн сөзү алгачкылардан болуп “Мен аны жеген жокмун!” ,-деген сөз болгон. 

Подполковник Рустам Абдрахманов Аяжан Едилованын жоголгону жөнүндө анын туугандарынын арызы 2021-жылдын 20-мартында полицияга келип түшкөнү, окуя тууралуу caravan.kz. сайтына интервью берген. 

— Билдирүү 16.06да катталган. Ошол эле күнү бул факт ЕРДРга  катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Алматы шаарынын ДП жетекчилиги Алатау райондук ички иштер бөлүмүнүн жана шаардык бөлүмдүн тажрыйбалуу кызматкерлеринин ичинен тергөө-ыкчам топ түзүлүп,  жоголгон кыздын бардык байланыштарын иштеп чыгып, анын жоголуп кетишине тиешеси бар жарандын жашаган дарегин аныктадык.

Ал эми 21-мартта саат 22:00 чамасында полиция кызматкерлери шаардын Алатау районундагы Нуркент кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине чейин барышкан.

Бирок,  канча ыкчам кызматкерлер тыкылдатып, телефон чалышса дагы, шектүү кулпусун ачкан эмес. Ошентип, биз эшикти талкалап ачууну чечтик. Эки бөлмөлүү батирге кирип келип, полиция кызматкерлери узун бойлуу жана арык жигитти табышкан. Ал колуна бычак кармап алган.  Формачан адамдарды көрүп, ал бычакты тамагына сайып, андан кийин колу-бутун бир нече жолу кескен учурда кан агып кеткен.                                                                                                                                                                                                                                                                   Полиция жаракат алгандарга тез жардам кызматын чакырган, дарыгерлер ага биринчи медициналык жардам көрсөтүп, андан соң Калкаманга — 7-шаардык клиникалык ооруканага жеткиришкен. Ал жерде ага шашылыш операция жасалган. Азыр шектүүнүн өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч жок. Ишемби күнү ал ооруканадан Алматы шаарынын полиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына, андан кийин СИЗОго которулган. Ага карата сот баш коргоо чарасын — камакка алууну тандады.

Алматы шаарынын полиция башкармалыгынын тергөө иштери боюнча орун басары, подполковник Рустам Абдрахмановдун айтымында кызды өлтүргөн бала кыздын терисин сыйрыган.

— Айтсаңыз, бул адам өлтүрүү качан болгон?

-2021-жылдын 19-мартында болжол менен саат 22:45 терде

— Башкача айтканда, жабырлануучунун туугандары милицияга арыз жазганга чейин эле?

— Ооба.

— Шектүү адам сөөктөрү табылган батирди ижарага алганы чынбы?

— Жок, батир анын агасына таандык.

— Ал азыр кайда?

-Агасы  үй-бүлөсү менен Бельгияда иштейт экен.  Ал жөн гана биз киши өлтүрдү деп шектелген инисин ошол жерде жашоого уруксат берген.

-Кылмыш иши козголгон жер биринчи болуп соттук-медициналык эксперттердин кароосунан өттүбү?

— Ооба, алар батирден адамдын денесинин бөлүктөрүн табышкан.

— Сөөктөр кайда эле?

«Муздаткычта адам териси болгон. Пакеттерде дененин бөлүктөрү жана ички органдары болгон.

— Жалпыга маалымдоо каражаттарында жабырлануучунун бир тууган байкесинин айтымында кылмышкер кыздын башын кесип, узак убакытка чейин бышырган деген маалымат тараган эле.

— Ооба, бир гана баш сөөгү калган

— Тергөө-ыкчам тобу шектүү жашаган батирден дененин бардык бөлүктөрүн табышканбы?

— Жок, шектүү алардын айрымдарын түн ичинде алып чыккан. Ал такси чакырып, айрым дене мүчөлдү чогултуп, Алматынын жогорку бөлүгүнө, Бостандык районуна алып баргандыгы аныкталды. Ошол жерде, Абиш Кекилбаев көчөсүндө (мурдагы Каблуков) калдыктарды таштанды челекке ыргыткан. Дененин калган бөлүгүн батирден таптык. Табылган дене мүчөлөрүнүн бардыгы соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

— Шектүү киши өлтүргөндүгүн мойнуна алдыбы?

— Ооба, ал күнөөсүн мойнуна алып, мунун баары кандай болгонун айтып берди.

— Алар кандайча жолугушуптур?

-Бала кыз менен социалдык тармактардан таанышкан. Андан кийин ал кызды өз ордуна алдап алып келген

— Адам өлтүрүүгө эмне себеп болгон экен?

— Кылмышка шектүү кыз экөө урушуп жатканда кызды муунтуп салганын айтууда.

— Шектүү денени эмне үчүн бөлүп салгандыгын айттыбы?

— Ал бир эки саат отуруп, өлтүрүлгөн кызды эмне кылсам деп ойлондум дейт. Камакка алынгандан аябай коркуп, далилдерден арылгысы келген. Интернеттен “Өлүктөн кантип кутулса болот” ,-деп издеп, ага жооп алып, кыздын денесин бөлүктөргө бөлө баштаган.

-Кармалган адамдын медициналык окуу жайды аяктаганы чынбы?

— Жок, бирок ал дарыгер болуп окуган. Ал өзү Түркстан облусунан келип, мектепти мыкты баалар менен аяктап, Алматыга келген. Бул жерде ал Асфендияров атындагы медициналык институтка тапшырган. Бирок андан кийин ал Чымкенттеги медициналык университеттердин бирине которулуп, ал жерден окууга келбей жүргөндүгү үчүн чыгарылган.

-Ал психикалык оорулуу болушу мүмкүнбү?

— Адистер-эксперттер анын психикасынын абалы жөнүндө корутунду беришет. Менин оюмча, ал адекваттуу жана жазаланарын толук билип турат. Кийин белгилүү болгондой, ал Куранды жакшы билет жана келечекте ислам динин үйрөнмөкчү. Сурак учурунда шектүү  жазасын өтөп бүткөндөн кийин жаштарга сабак өтүүнү пландап жаткандыгын айтты. Ал аларга башкалардын буга жол бербеши үчүн кандайча ката кетирип, кылмыш жасагандыгын айтып бергиси келет.

— Кандай деп ойлойсуз, шектүү адам жазадан кутула алабы?

— Жок, ал кылмышына мыйзам чегинде жооп берет.

http://sokol.media/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here