Жаңы психоактивдүү заттар сатылган туруктуу каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди. Аталган кызматтын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан психоактивдүү заттар жана баңгизаттар сатылган туруктуу каналга бөгөт коюу боюнча атайын операциясы ийгиликтүү аяктады.

Жазык кодексинин 267-беренеси менен катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагында Телеграм социалдык тармагындагы @LuCHiKso аттуу аккаунту аркылуу психоактивдүү заттарды жана баңгизаттарды саткан адам аныкталган.

Ага байланыштуу шектүү катары 1993-жылы туулган К.А. аттуу Россия Федерациясынын жараны кармалган.

Тинтүү иштеринин жыйынтыгында К.А. убактылуу жашап жаткан батирден кызгылт-сары түстөгү таблеткалар, кендир жытына ээ болгон белгисиз дары-дармектер, бульбулятор табылып, алынган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here