Бишкектеги Мурас-Ордо жаңы конушунда 13 жаштагы өспүрүм киши колдуу болуп көз жумганын, аны үйгө кирген уурулар мууздап качып кетишкенин жазышууда. Аталган конушта 2 айдан бери ууру күч болуп жатканы айтылды. Урууларды маркум баланын агасы корүп калып, кууп чыккан.

Кылмыш болжол менен саат 09:00 — 11:00 аралыгында жасалган, өспүрүмдүн ата-энеси үйдө болгон эмес. Окуя болгон жерде Бишкек ШИИБдин жетекчилиги жана ички иштер министринин орун басары бар. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы нөөмөт бөлүмүнө чакыруу саат 12:00дө түшкөнүн билдирди. Биринчи май РИИБдин ыкчам тобу иштеп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here