Бишкек шаарында талап-тоноого шектүүлөр кармалды, деп билдирди бүгүн, 3-мартта Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.

Окуя 10-февралда болгон. «Хонда Фит» унаасы Лев Толстой көчөсүндө кетип бара жатканда эркек кишиге кол салган жаш балдар 92 миң сом акчасын жана кол телефонун тартып алышкан. Жабырлануучу милиция кызматкерлерине кайрылып, бул факт уурулук болуп катталган.

Октябрь РИИБдин ыкчам тобу тарабынан 1999-жылы туулган Б.Д., 2003-жылы туулган А.М. шектелип кармалды. Б.Д. Бишкек ШИИБге камакка алынып, А.М. өспүрүм болгонуна байланыштуу үй камагына чыккан. Б.Д. СИЗО-1 мекемесине 2 айга камалды.

Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here