Камчы Асанбек (Көлбаев) кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырган деп айыпталып жатканын бүгүн, 3-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ага байланышкан кылмыш иш 250 млн сом өлчөмүндөгү акча менен байланыштуу. Учурда Көлбаевдин туугандары тарабынан депозиттик эсепке 49,6 млн сом которулган.

«Мыйзамсыз кирешенин калган бөлүгүн тергөө аяктаганга чейин — 2021-жылдын апрель айынын аягына чейин мамлекеттин бюджетине кайтаруу чаралары көрүлөт», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.К.Көлбаев Бишкек шаардык соту тарабынан кечээ үй камагына чыгарылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here