«Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомунун жетекчиси Бакыт Сыдыков суу азайган циклдин аягына чыга электигин белгилеп, «Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2022-жылы 5,5 млрд. куб метрге чейин азайышы мүмкүн экенин айтты. Сыдыков бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун сунуштады.

“Азыр ушул бойдон кете берсек, эч кандай кадамдарга барбасак кийинки жылы 1-апрелге карата 5, 5 куб метрге түшүү коркунучу бар. Биринчи кадам — өкмөттүн күз-кыш сезонуна даярдык токтомуна өзгөртүү киргизип жатабыз. Эски токтом боюнча Бишкек жылуулук электр борборунан 1 млрд. 200 млн. киловатт өндүргөн болсок, эми кошумча 2 млрд. 100 млн. өндүрүшүбүз керек. Азыр бул иштер башталды. Андан сырткары импорт боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Казакстанга өткөн жума делегация барып келди. Алар баасын бир аз көтөрүп жатат, биз былтыркы менен калтыргыла деп жатабыз. Товар алмашуу боюнча 900 млн. киловатт саат келишим бар. Муну суу менен кайрып беребиз”, — деди Сыдыков.

«Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомунун жетекчиси Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында маалымат берүүдө. Сыдыковдун айтымында, суунун көлөмү 5 млрд. куб метрге жеткенде гидроэлектр станциянын ишин токтотууга туура келет.

«Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 22-февралына карата 9,897 млрд. куб. метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтында кабарланды.

2020-жылдын дал ушул датасында кампадагы көрсөткүч 12,745 млрд. куб метр болгон. Былтыр Кыргызстандагы бир катар коомдук уюмдар «Токтогул» суу сактагычында суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышында жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскерткен.

Уюм акыркы жылдары суу сактагычтагы суу белгисиз жагдайда агызылып келгенин, натыйжада жылына 5-10% кемип турганын билдирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here