Парламент депутаты Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Гүлнара-Клара Самат 2018-жылы май айында «Ата Мекен» партиясынан мурдагы депутат Аида Салянованын ордуна депутат болуп келген. Ошол учурда анын орус жарандыгы болушу мүмкүн экенин айтылган.

Клара Кабилова 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп иштеген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимден ыдык көргөнүн жарыялап, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп, Гүлнара-Клара Самат болгон.

2021-жылы январь айынын башында депутат Клара Самат «Ата Мекен» фракциясынан чыгарылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here