Улуттук статистика комитети тараткан маалымат боюнча, 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу быйыл январда тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 18,5% көтөрүлдү.

Маалыматта: «Былтыркы январь айына караганда өсүмдүк майы — 54,6%, картошкага — 46,3%, жумурткага — 35,4%, кумшекерге — 33,1%, этке — 27,5%, унга — 16,5% кымбаттап, мындан тышкары сүт, тооктун эти, алкоголсуз суусундуктардын баасы да жогорулаган. Нандын баасы 5,2% көтөрүлдү», — деп айтылат.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында өткөн жылга салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 1,7% жогорулаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here