Жогорку Кеңеште 17-февралда Кумтөр алтын кенинин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлүдү. Комиссияга 12 депутат мүчө болду.

Мындай комиссияны түзүү сунушун «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов берген.

Комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Рыскелди Момбеков, Саматбек Ибраев, «Республика – Ата Журттан» Үмбөталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, «Кыргызстандан» Урматбек Самаев, Замирбек Эсенаманов, «Өнүгүү Прогресстен» Ныязбек Арзыбаев, «Бир Болдон» Акылбек Жапаров, «Ата Мекенден» Каныбек Иманалиев кирди.

Алар жакынкы күндөрдө комиссиянын иштөө мөөнөтү менен регламентин бекитишет. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here