Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова көз жумду. Ал бүгүн, 16-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында каза болгонун Кинематография департаменти билдирди.

Кыргыз ССРнин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Ак илбирстин тукуму» жана башка бир катар тасмаларда, спектаклдерде ролдорду жараткан.

Сейдакматовага экинчи даражадагы «Манас» ордени менен ыйгарылган. «Туңгуч» театрынын негиздөөчүсү Жамал Сейдакматова Совет доорунан бери кинодо жана театрда ондогон ролдору менен элге таанылган.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көлдүн Темировка айылында жарыкка келген0. .

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here