ашкы прокурор Курманкул Зулушев ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун министрликти басып алуу деген шек боюнча иши тууралуу маалымат берди.

9-февралда “Азаттык” радиосунун эфиринде Зулушев 2020-жылдын октябрь окуялары учурунда башка да мекемелерди басып алуу аракети болгону тууралуу суроого жооп берип жатып төмөнкүлөрдү айтты:

«Баарына бирдей баа бербеш керек. Курсан Асанов эч кандай буйругу жок барып ички иштер бөлүмүндө команда берип… Көрдүңүздөр го. Бул басып алуу болот. Эки-үч күндөн кийин жамааты чыгарып коюп жатат. Ошондуктан буга баа берилип, сурап жатат. Прокуратурага келип, отуруп алгандар боюнча тергөө жүрүп жатат, бирок алар барган, отурган, кайра чыгып кеткен. А Курсан Асанов буйругу жок эле буйрук берип, көптөгөн иштерди кылды. Бирок бул Асанов күнөөлүү, соту болот деген сөз эмес. Тергөөсү жүрсүн, эртең айыбын бекитүүгө келгенде биз ар бир факт боюнча карап чыгабыз».

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here