Кечээ, 7-февралда Алай районунун Гүлчө айылында 25 жаштагы келин өз үйүндө асынып алды. Бул тууралуу маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ал Гүлчө айылындагы мектептердин биринде математик мугалим болуп иштечү.

«2021-жылдын 7-февраль күнү саат 10:30 чамасында, Алай РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Гүлчө айыл аймагынын Курманжан датка айылынын 53 жаштагы А.Ш. аттуу тургуну телефон чалып, 25 жаштагы келини А. кызы Г. үйүндө өзүн-өзү асып каза болгондугун кабарлаган. Окуя болгон жерге Алай РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, төмөндөгүлөрдү аныкташкан. Ал 7-февраль күнү саат 09:30 чамасында үйүнүн короосундагы сарайда өзүн-өзү аркан менен асып, окуя болгон жерде каза болгон. Жансыз денесине Алай райондук ооруканасында кароо жүргүзүлгөн. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, чиймелер чийилип, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Топтолгон материалдар Алай РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык Кодексинин 136-беренесинде (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) көрсөтүлгөн белгилер менен сотко чейинки жазык өндүрүш иши болуп катталган», — деди Аширбаев.

Маркумдун апасы Алай РИИБине кызынын асынганына ишенбей жатканын айтып арыз менен кайрылган. Кызы менен 1 күн мурун сүйлөшкөндө башы ооруп жатканын айткан. Күйөөсү иш менен 8 күн мурун Чоң-Алайга кеткен. Жолдошу укук коргоо органдарында иштейт.

Кесиптештеринин айтымында, маркум келин оор басарыктуу, тыкан болчу. 2020-жылдын жай айларында эле турмушка чыккан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here