Республиканын сот тутумундагы мыйзамсыз аракеттерди аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, УКМК сот өкүлдөрү тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыларды аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку сот жана анын төрайымы Гүлбара Калиева УКМКнын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Бул — Калиевага карата экинчи кылмыш иши боюнча шек саноо. Мурдараак Башкы прокуратура Гүлбара Калиеваны жоопко тартуу тууралуу сунуштаманы Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына жөнөткөн.

Ага дейре УКМК Калиева коррупцияга шек саналып жатканын билдирген. Аны жазага тартуу максатында Тартип комиссиясына сунуштама берүү жөнүндө Башкы прокуратурага өтүнүч келтирген. Буга чейин Тартип комиссиясы сунуштама келип түшкөнүн билдирген. Иш качан каралары беймаалым.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Жогорку сотто коррупциялык схема аныкталганын, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе төрайым Гүлбара Калиева камакка алынарын айткан.

Маалыматка ылайык, сот органдарынын айрым өкүлдөрү жеке кастык мамиледен улам, кызматтык абалынан пайдаланган судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу максатында, интернетте алардын беделин түшүргөн видеоматериалдарды таркаткандыгы аныкталды.

«2020-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда прокурор менен соттолуучунун видеосу интернетке жарыяланган. Андагы талаш-тартыш социалдык тармакта сот бийлигине болгон терс пикирлерди жараткан.

Бул видеодон кийин Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева аталган судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу максатында соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына сунуш киргизип, эскертүү берген.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Свердлов райондук сотунун экс-төрагасы И.Ж. бул окуяга түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган. Анда ал кеңседеги соттук отурумдарды тарткан компьютерден видеону телефонуна тартып алган. Андан соң өзүнө жакпаган судьянын иш-аракеттерин, соттук отурумга келген катышуучуларга орой мамиле жасоодо деген максатта соттолуучунун үнүн видеодо атайлап азайткан.

Бирок бул фактыларга карабастан Жогорку Соттун төрагасы Гүлбара Калиева судья И.Ж.га мыйзамдуу чараларды көрүүнүн ордуна бул фактыларды кызматтык иликтөө учурунда жашырган. Чогултулган материалдар боюнча УКМКнын кызматкерлери 3-февралда сотко чейинки өндүрүш ишин башталды», — деп жазылат маалыматта.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here