Жакында Чаткал районунун 19 жаштагы тургуну үч эркек ага сексуалдык зомбулук көрсөтүп келгени боюнча милицияга арыз жазды. Эркектердин зомбулугуна туш болгонун айткан жигит Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына окуянын чоо-жайын айтып берди.

Чаткалдык жигиттин айтымында, ал сексуалдык зомбулукка 4-классында туш болгон. Бөлөсүнүн үйүнө конокко барганда балдар коркутуп зордукташкан.

«Эжемдикине конокко барып, короосунда ойноп жүргөнбүз. Анан малина талаасына алып барып эле мени колдонуп коюшту. Эгер апамдарга билдирсем соо калбай турганымды айтып коркутушту. Бири 1993-жылкы, дагы бири 1995-жылкы бир туугандар малина тааласындагы окуя менен токтоп калбастан пайдаланууну башташты. Кечинде же унаада, ээн талааларда колдонушту. Үйгө айланып келели деп келишет. Мен баргым келбегенимди айтсам да, үйдөгүлөр барып кел деп кошуп коюшчу. Билип калышпасын деп арга жок аларга кошулуп кетчүмүн. Бөлөлөрүм коркутуп-үркүтүү менен 2010-жылдан 2015-жылга чейин зордоп жүрүштү. Акыры эгер токтотушпаса, үйдөгүлөргө айтарымды билдирдим. Алар өз ара сүйлөшүп, кайталабай турган болушту. Улуусу үйлөнгөн. Ал токтободу. 2020-жылга чейин болду.

Кошунам 7-классымда мектептен колдонду. Менден улуу, күчтүү болгону үчүн ага да күчүм жетпеди. Ал да үчүнчү болуп пайдалана турган болуп алды. Акыркы жолу 2021-жылдын 15-январында болду. Акыры жарылууга туура келди. Бул күнү эжем менин абалымды байкап калды. Буга чейинки зомбулуктун баарын айттым. Кичинекейимде ич кийимимдин кан болуп калганын көргөндө «геморрой» деп кутулчумун. Айтып жарылгым келчү, катуу коркчу элем. Көп жылдан берки көкүрөгүмдө сактап, оору болгон ойлорду айтып, эми жеңилдеп калдым. Өзүң менен өзүң ооруган жаман», — дейт жигит.

Анын айтымында, мектепти бүтпөй калышына үч эркектин зомбулугу себеп болгон. Тактап айтканда, айылында 8-класска чейин гана билим алып, борборго кеткен.

«Үчөөнүн зордугунан кутулам деп сүйүнүп шаарга кеттим. Аларды көрбөй калам деп сүйүндүм. Номурларымды өзгөрттүм. Колледжге окууга кирдим. Бирок эркектерден коркуп, качып калгандыктан окууга да барбай койдум. Эркек аз жерлерден жумуш издедим. Тигүү цехинде иштеп жүрө бердим. Булар ал жакта жүргөн жеримди да таап алган күндөр болду. Эч кимге эч нерсе айтпай, Кыргызстандан башка жакка чыгып кетейин дедим. Бул сыяктуулар өсүп келе жаткан өспүрүм балдарды да кыйнашпасын дедим. Мага окшоп башкалар да азап чеккенин каалабадым. Мыйзам чегинде үчөө тең жооп бериши керек», — деп кошумчалады.

19 жаштагы жигит милицияга арыздангандан кийин тийиштүү экспертизалар дайындалган. Жабырлануучу жигит Ош шаарынан психологдун жардамын да алып келди. Ал да психологиялык жактан жабыр тартканын айткан.

Буга чейин аталган жигит Чаткал РИИБге арыз жазганын, окуя боюнча териштирүү иши жүрүп жатканын билдирген.

Булак?Turmush

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here