Өзбекстанда коронавирустун жаңы штаммы (түрү) аныкталган алгачкы адам катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, COVID-19дун жаңы түрү 23-январда Дубайдан үй-бүлөсү менен учуп келген 10 жаштагы кыздан табылды. Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн коронавирус аныкталбагандыктан алар үй карантинге гана алынды. Учурда кыздын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here