Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2020-жылдын 14-январь күнү саат 09:10 чамасында Тоӊ РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Тоӊ районунун аймактык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн кызматкери тарабынан Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылынын 1977-жылы туулган тургуну Ж.Л. денесинен жаракат алып, тез жардам бөлүмүндө дарыланып жатканы маалымдалган.

Аталган билдирүү Тоӊ РИИБ тарабынан Жазык кодексинин 161-беренесинин 1-бөлүмүндө (зордуктоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуя болгон жерге Тоң РИИБдин тергөө ыкчам тобу барып, жабырлануучунун Бөкөнбаев айылындагы үйүнө кароо жүргүзүлүп, күбө адамдардын катышуусунда окуяга тиешелүү болгон далил буюмдар, тактап айтканда шейшеп жана башка буюмдар алынган.

Мындан сырткары аталган окуя боюнча Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылынын 1977-жылы туулган тургуну Ж.Л. арыз менен кайрылган. Ал арызында буларды билдирген: 2021-жылдын 13-январь күнү болжол менен саат 21:00-22:00 чамасында үйүндө отурган учурда жашы 25-30 чамасындагы бейтааныш жигит: «такси чакырдыңар беле?» деп келген. Андан кийин бир бөтөлкө арак алып келип, «ич» деп кыйнаган. Кайра «жатабыз» деп баштаган. Ошондо арыз ээси ага каршылык көрсөткөндө аны көзгө чаап жиберген. Андан кийин ойгонгондо жанында аталган жигит жаткан. Ошол учурда ал зордукталган.

Ж.Л. алган жаракаттарынан улам Тоӊ райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылып, учурда дарылоо иштери жүрүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here