Курсан Асановдун жакын тууганы — иниси Жанар Асанов бычактан жараат алып, ооруканага түштү. Айрым маалыматтарга караганда Асанов бул окуя боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлерине арыз менен кайрылган эмес. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын катчысы Замир Сыдыков тастыктады. Милициянын маалыматында: «Аталган окуя бизге Ош шаардык ооруканасынан 26-январда кабарланган. Ж.А. аттуу жаран миздүү буюмдан жаракат алганы боюнча айтылган. Жабырлануучу өзүнүн алгачкы көрсөтмөсүндө өзүн өзү сайып алганын айтып жатат. Окуя учурда Ак-Буура милиция бөлүмчөсү тарабынан иликтенип жатат», — деп айтылат

Ош шаардык ооруканасынын маалыматына ылайык, Ж.А. аттуу жаран аталган оорукананын урология бөлүмүнө түшкөн. Сайылган бычак сол жак бутуна жана жыныстык мүчөсүнө тийген.

Маалым болгондой, Жанар Асанов буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен. Жакында Курсан Асанов эки айга камалган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here