Жогорку Кеӊештеги «Өнүгүү» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүнкү күндө президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Досалы Эсеналиевдин кабинетинде олтурганы маалым болду. Белгилүү болгондой, 5-октябрдагы окуяда Акүйдүн ичиндеги кабинеттер талкаланган. Ал эми президенттик аппарат башка имаратка көчүп кеткен. Ошондон улам, бош калган 7-кабаттагы кабинеттерди бир катар акчалуу депутаттар ээлеп алууга ашыккан.

Буга чейин Chagylgan. kg Камчыбек Жолдошбаевдин спикердин кабинетине миллион сом төлөп олтурганын жазган. Ошондой эле Досалы Эсеналиевдин биринчи орун басары Алмаз Кененбаевдин кабинетине депутаты Өмүрбек Бакиров, ал эми Алмамбет Салиевдин кабинетине Бактыбек Турусбеков олтурганын жазып чыккан. Бул кабинеттердин ичинен Салиевдин кабинети катуу талкаланып, өрттөнүп кеткен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here