Парламенттин бүгүнкү комитет жыйынында «мамлекеттик тил» боюнча каралган маселе учурунда депутат Ирина Карамушкина орус тилин мамлекеттик тил кылууну сунуштап чыкты. Депутат Каныбек Иманалиевдин диссертациялар кыргыз тилинде корголушу керектигин айтты. Ал эми орусияыл, дайым ушул маселеде «сасып» келген Карамушкина :«Биз светтик өлкө деп жарыяланганбыз. Эгерде Кыргызстанда эки тил, орус жана кыргыз тилдери мамлекеттик болсо, анда эмне болот? Көпчүлүк үчүн жумушка орношууда кыргыз тилин билбегендик чектөө болуп калды. Мага жумуш табууга жардам сурап бир нече адам кайрылышты, бирок мамлекеттик тилди билбегендиктен баш тартышты. Бүгүнкү күндө, мисалы, өкмөттөн мамлекеттик тилде гана билдирүү келди. Орус тилдүү жарандарга мамлекеттик тилде жооп берилет. Өкмөт мындайын токтотуусун талап кылам»-деп уялбай айтты. Элди , Кыргызстан мамлекетин сыйлабай, ичкен кудугуна түкүргөн ушул депутатты эл көрөйүн деген көзү калбады. Ал буга чейин да кыргыздын ак калпак баштаган баалуулуктарын кордоп келген…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here