Сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттин аппаратынын жетекчисинин да кызматын аркалайт. Бул тууралуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин жыйынында айтылды. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев мунун себебин мындайча түшүндүрдү:

«Эң биринчи себеби — биз президенттик башкарууга бара жатабыз. Ошон үчүн президент өзүнүн администрациясы менен жоопкерчиликти алат. Экинчи себеби — азыркы учурда көп маселе «Ак үйдүн» аппаратында чечилет. Бирок жооп берген дайыма өкмөт болуп келген. Кош бийлик түзүлүп калбасын деп жатабыз. Өкмөт деген жок, министрлер кабинети болуп калат».

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын былтыр 11-декабрда кабарлаган. Кеңешме долбоордун акыркы варианты иштелип чыккан соң аны Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here