Ысык-Көлдүн Түп районунда өз аялын өлтүрүүгө шектүү ооруканада көз жумду. Бул тууралуу райондук ооруканадан кабарлашты.

Маалыматка караганда 45 жаштагы эркек киши 9-январда райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал өз жанын кыюу үчүн малга берүүчү көк таш жана «Неоцидол» дарысын ичип, ууланганы аныкталган.

Дарыгер Вадим Рачинский бейтаптын абалы өтө оор экенин аны кабыл алып жатканда эле билдирген. Бейтап он күндөн кийин, 19-январда ооруканада көз жумган.

Маркумга көзү тирүүсүндө аялы Гүлмайрамды өлтүрүүгө шектүү катары айып тагылып, Жазык кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ооруканада аны милиция кызматкерлери кайтарып жаткан болчу.

Түп районунун кырк жаштагы тургуну Гүлмайрам 9-январда күйөөсүн колунан каза тапканы, күйөөсү уу ичип, ооруканага түшкөнү мурдараак кабарланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here