Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун лидери, Карышкыр деген каймана аты бар Мурсалым Өмүрзаков кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери маалымдады.

Маалыматта 19-январда УКМКнын кызматкерлери “Альфа” атайын бөлүгүнүн колдоосу менен уюшкан кылмыштуу топтун лидери Муршалым Өмүрзаковду кармашканын айтылат

Кармоо учурунда ал Бишкектеги Чүй проспектисиндеги үйлөрдүн биринде ижарага алынган батирде болгон.

Белгилей кетсек, Мурсалым Өмүрзаков 2020-жылы күзүндө колониядан бошотулган. Буга чейин социалдык тармактарда Өмүрзаковго “Мыйзамдагы ууру” таажысы тагылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Бирок, Ички иштер министрлиги бул маалыматты четке каккан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here