Элибиздин сыймыктуу улуу, айтылуу меценат Аскар Салымбековго Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укукту өкүлчүлүгү — облусттук администрация жетекчилиги Ысык-Көл облусунун Ардактуу атуулу наамын ыйгарды. Бүгүн өкмөт ишкерлер менен бирге Караколдо инвестициялык форум өткөрдү. Форумдун жүрүшүндө аталган наам Салымбеков менен бирге Ташкул Керексизов, экс-министр Төрөкул Беков дагы сыйланышкан.

Жалпыга маалым болгондой мындай бийик наам мамлекетке, анын ичинде тиешелүү облуска да зор пайдасы тийип жаткан эмгекчил инсандарга ыйгарылып келет. Узак жылдардан бери он миӊдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылып, малмекетке эбегейсиз эмгек кылып келаткан Аскар Салымбеков мындай сыйлыктарга эчак эле татыктуу болгону ырас.

Биз дагы Аскар мырзага, чыӊ- ден соолук каалап, дагы да өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошо беришине тилектештигибиз билдиребиз. «Сыйлык сиздики, сыймык биздики» демекчи, элине түркүк болуп келаткан түптүү агабыздын эмгеги өз учурунда бааланып турсун…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here