УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мыйзамсыз баюу факты боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Каржы полициясынын ички тергөө жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Т.А.Р.ны кармады.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Т.А.Р. 2014-жылдан бери Каржы полициясында жетектөөчү кызматтарды ээлеп, Бишкек жана Ош шаарларында 15тен ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болгон жана аларды жакын туугандарына каттап койгон.

Андан тышкары Т.А.Р. Ош шаарындагы май куюучу жай, дүкөн, ресторандардын жана 13 кабаттуу турак үйдүн курулушуна ири суммадагы акча каражатын инвестициялаган.

Болжол менен Т.А.Р.нын кыймылсыз мүлктөрүнүн баасы жана каржысы 4 млн доллардан ашат. Бул анын мыйзамдуу кирешесине дал келбейт.

18-январда Т.А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Т.А.Р.нын бардык мүлктөрүн жана каржысын аныктоо максатында кошумча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

ЖМКдагы маалыматка караганда, Каржы полициясындагы ички тергөө жана коопсуздук бөлүмүн Айбек Рахманбердиевич Токоев жетектейт. Анын — Каржы полициясынын майору.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here