Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн миллион сом төлөп берди. 16-январда шаардык сот аны үй камагына чыгарган. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында анын жакындары акчаны төлөгөнүн УКМК басма сөз кызматы маалымдады. Учурда анын ишине юридикалык баа бериш үчүн тергөө иштери уланууда.

УКМК Саркарбаевди аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен 17-декабрда кармаган. 23-декабрда Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов аны шаардык спорт комитетинин төрагалыгынан бошотуу тууралуу буйрук чыгарган. 19-январда таратылган расмий кабарга ылайык, ал комитеттин каржылык-чарбалык ишине зыян келтиргени айтылган. Саркарбаев спорттук иш-чараларды уюштуруу, шаймандарды сатып алуу жана сыйлык ыйгаруу өңдүү аракеттер менен акчаны сол чөнтөккө кымырган.

32 жаштагы Кылычбек Саркарбаев — эрежесиз мушташ чебери. Анын аты 2020-жылдын февралында Оштогу ок атышуу чырында да аталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here