Кыргыз Республикасынын мурдагы судьясы Дуулатбек Бекишов көз жумду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.
Бекишов Дуулатбек Бекишович 1958-жылдын 28-декабрында Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында туулган. 1978-1983-жылдары — СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде билим алган.
1983-1986-жылдары — Жети-Өгүз районунун прокуратурасында прокурордун жардамчысы, тергөөчү болуп эмгектенген. Андан соң 1987-жылга чейин Ысык-Көл облусунун прокуратурасында прокурордун улук жардамчысы болуп эмгектенген.
1987-1991-жылдары — Жети-Өгүз районунун прокуратурасында прокурордун орун басары болуп иштеген. Андан кийин 1993-жылга чейин Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын бөлүм башчысы кызматын аркалап келген.
1993-жылдын апрель айынан баштап ушул эле жылдын август айына чейин Нарын облусундагы прокуратурада прокурордун улук жардамчысы болгон. Ал эми 1996-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын бөлүмүнүн улук референти болуп эмгектенген.
1996-2003-жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку арбитраждык сотунда судья, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп иштеген. Ал эми 2015-жылдын апрель айына чейин Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун төрагасы, судья болгон.
Маркумдун артында жубайы 4 уулу, неберелери калды.
Бекишов Дуулатбек бүгүн Бишкекте Көк-Жар айылында жерге берилди. Топурагы торко болуп, жаны жанатта болсун. Маркумдун жалпы жакын туугандарына жана бир тууган агасы, белгилүү тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиевге көӊүл айтабыз…