Жол тескөөчүлөр кош бойлуу келинге жардам көрсөтүп, унаада төрөт кабыл алышты, деп билдирди бүгүн, 18-январда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Прапорщик А.Качыгулов жана старшина Б.Кусеинов 15-январда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы стационардык постто кызмат өтөп жатышкан. Болжол менен түнкү саат 03:00 чамасында аларга Урмат аттуу жаран чуркап барып, жардам сураган. Урмат жубайын төрөт үйүнө алып бара жаткан, бирок аялынын төрөтү башталып калган.

Милиционерлер төрөттү унаада кабыл алууну чечишкен. Андан соң кызматтык унаа менен эне-баланы ооруканага жеткиришкен.

Ымыркайдын ата-энеси инспекторлорго ыраазычылык билдиришкен. Ал эми милиционерлер төрөт үйүнө барып, үй-бүлөнү куттукташты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here