Бүгүн, 17-январда эртең менен саат 7:30да Бишкек шаарындагы кичи автобустардын 45 пайызы гана каттамга чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын транспорт башкармалыгы билдирди.

Социалдык тармактарда дагы жүргүнчүлөр кичи автобустарды көпкө күтүп жатышканын жазып жатышат.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кичи автобустардын айдоочуларына кайрылды.

«Силер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Сиздердин акыбалды түшүнүү менен кабыл алып жатабыз. Сиздер да элдин акыбалын, өлкөдөгү, шаардагы абалды түшүнүү менен кабыл алыңыздар. Силердин жол киренин баасын азыр эле көтөрүп бергиле дегениңер туура эмес. Өзүнүн процедурасы бар. Биз Экономика министрлигине сунуш берип, ал жерден анализин чыгарып беришет, анан шаардык кеңешке киргизебиз. Биз тарифти элдин абалына жараша, силер менен сүйлөшүп көтөрүп бергенге даярбыз. Бирок ал үчүн кичине убакыт керек. Бери дегенде эле 1-1,5 ай Экономика министрлигинен анализ алышыбыз керек. Шаардык кеңешке киргизгенге жетишпей калдык го. Апрель айында шайлоо болот (Бишкек шаардык кеңешине). Ошол шайлоодон кийин биз бул ишти май айына чейин чечкенге аракет кылабыз. Болгон чындык ушул.

Сиздерди линияларга чыгууга суранам. Эгерде чыкпасаңыздар, айла жок сиздердин линияга башка кичи автобустарды киргизгенге мажбур болом. Эртең дагы мындай болуп калыптыр, тигиндей болуп калыптыр деген сөздөр жүрбөсүн. Кайсы линияда кичи автобустар чыкпаса, бүгүн түшкө чейин анализ кылабыз, айла жок ошол линиялардын уруксатын жокко чыгарабыз. Ошондуктан урушпайлы, талашпайлы. Силерге зыян болбосун деп жатабыз. Силер да элдин арасында жүргөн, бала-бакыраны багам деп жүргөн адамсыңар», — деди Түлөбаев.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here